Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 26.08.2019 16:43

Пол жуугучтан жетекчиге чейинки жол: Ийгиликтүү ишкер Дүрдананын баяны

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Дүрдана Елкеева.

Ал мектепте эң мыкты окуп, ар кандай иш-чараларга активдүү катышкан. Бирок атасыз өскөн кыз жогорку окуу жайдан билим алууга шарты жок, Россияга иштөөгө сапар алган.

Үйгө жуучулар келмек

- Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында 1989-жылы төрөлгөм. 2007-жылы майда мектепти аяктап, ушул эле жылдын сентябрь айында Москвага сапар алдым. Мектепти бүтүп, дароо өзүңө чоң жоопкерчиликти алып, чоң шаарга, алыска жумуш, бакыт издеп кеткендин өзү кандай оор экенин билесизби? Мен деле эл катары мекенимде жогорку билим алып, кесибим менен иштегим келди. Мектепте эң мыкты окуган окуучу үчүн бул эң негизги максат эмеспи. Бирок менде андай шарт жок болчу. Менден улуу эжем ошол кезде студент болчу. Апам экөөбүздү бирдей окутууга чамасы жок эле. Мен да апамды көп кыйнагым келген жок. Москвага кетпей үйгө отуруп кала турган болсом, сөзсүз үйгө жуучулар келмек. Жашоодогу максаттарымды ишке ашырбастан, турмуш жолуна аттанып кетишим да мүмкүн болчу.

Жетейин дейсиң жетпейсиң

- Москвага жаңы келгенде баары ойдогудай болуп, дароо өз жолуңду таап кете албайт экенсиң. Бул жерге келген кыргыз кыз-келиндерге чынында боорум ооруйт. Баары тең алгач көп кыйынчылыкты баштан өткөрүшөт. Айрыкча орус тилин билбей келсең, эки бутуң тушалып, эки колуң байланган абалда калгандай болосуң. Жетейин дейсиң жетпейсиң, айтайын дейсиң айтпайсың. Мен дагы кыргыз мектепти аяктагам. Орус тилин билбейт элем. Эптеп бир ресторанга кирип, 1 ай пол жуугуч болуп иштедим. Андан соң бир дүкөндө 7 ай пол жуудум. Ошондо ичимден кайнап чыккан намыс мени муунтуп кое жаздачу. «Эмнеге мен пол жууганга эле жарап жатам. Менин колумдан башка иш келбейби. Мен деле элге окшоп жакшыраак жумуштарда иштесем болот да» деп өзүмдү-өзүм жей бердим.

6 жылдык өмүрүм кетти

- Пол жууп жүрүп, акырындан тилди өздөштүрдүм. Айлана-чөйрөгө баам салып, ошол коомдун жашоо-шартына жараша калыптанып калдым. Бир жолу тааныш эжелер кафе-ресторандарга барып иштесе боло турганымды айтып, кеңеш берип калышты. Тамакты жакшы жасачумун. Бул менин колумдан келе турган кесип болчу. Акыры украин элине таандык ресторанга жумушка алышты. Анда 6 жылдык өмүрүм кетти. Бирок баарын үйрөндүм. Салат жасагандан баштап, ар түрдүү тамак-аш жасоого чейин билдим. Жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылганым, топтогон тажрыйбам мени бригадалыктан баштап башкы ашпозчулукка чейин жеткирди. 6 жыл ичинде аябай чарчадым. Кудайдын куттуу күнү таңдан түн бир оокумга чейин тытынып иштечүмүн. Улам көтөрүлгөн сайын ошончо жоопкерчиликти моюнга арта баштадым. Бир күнү жумуштан чыгууну туура таптым.

Ойго салган сулуулук салон

- Салкын тартып турган. Жумуштан бошоп, эс алуу күндөрүм жакшы өтүп жатты. Бирок акча түгөнө электе жумуш табышым керек эле. Эң негизгиси тилди семичкедей чагып калдым. Кудайым буюрган бир жумушка кирермин дедим. Жолдо кетип баратканда көзүмө бир сулуулук салон учурады. Токтоп калдым. «Карасаң, татынакай кыздар. Бир жакка шашып чуркабай, оор буюм көтөрбөй, бир жерде таза, тыкан иштеп жатышат. Мен деле бул жумушта иштеп кете алам» дедим да дароо ал сулуулук салондун эшигин ачып кирип бардым. Мени күлүп, жылуу тосуп алышты. Мен аларга бул кесип боюнча эч кандай тажрыйбам жок экенин, бирок иштеп кете ала турганымды айтып, мени жумушка алууну сунуштап көрдүм. Алар мени атайын курстардан окуп кел, андан соң алабыз дешти. Мен дароо интернет булактарынан атайын курстарды издеп, маникүрдүкүн окуп чыктым. Айткандай эле окууну бүткөн соң мени жумушка алышты.

Өзүмө-өзүм таң калып кетем

- Айтмакчы, Москвага келгенден кийин, тактап айтканда бир жылдан соң жергиликтүү институттардын бирине каржы жана насыя факультетине тапшырып алгам. Ал кезде ресторанда иштечүмүн. Окууга да, ишке дагы жетишкенимди азыр эстесем өзүмө-өзүм таң калып кетем. Кандай гана тырышчаакмын.

Азыр баары жакшы. 2,5 ай мурун өзүм жеке сулуулук салон ачып, иштетип баштадым. Бирок ал салонго буйрутма түшкөндө гана барам. Балам азыр кичинекей болгондуктан аны карап үйдөмүн. Күнүнө эң көп дегенде 3 кардар келет. Андан көп кардар мага азыр ыңгайсыз. Бала менен үйдө отурганда ушул 3 кардар жетиштүү. Жумушум соода-сатык борбордун бизнес борборунда жайгашкан. Үй менен жумуштун аралыгы жөө адамга 15 мүнөт. Аябай эле жакын.

Тез үйгө кел, мен сени күйөөгө берем

- 2012-жылы Кыргызстанга эжемдин тоюна барганда мени да алып калышты. Жолдошум жакшы киши. Экөөбүз бактылуу үй-бүлөнү түптөп, 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болдук. Жолдошум бул жакта ресторанда суши жасап иштейт. 2012-жылдары кыргыз жигиттер кыздарды жылаңачтап коркутуп, видеого тартышып, аларды интернетке таратып жатышты. Видеолорду көргөн сайын апам мага телефон чалат. Ары жактан боорукер, өз кызын канатына салып коргологусу келген эненин үнү чыгат: «Алло кызым, тез үйгө кел, мен сени күйөөгө берем» дейт. Ошентип эжемдин үйлөнүү үлпөт тоюнан соң, мени Москвага кетирбей туруп турмушка узатты.

Азыр мен 30 жаштамын. Бирок ушул отуз жыл ичинде башымдан далай нерсени өткөрүп койдум. Биз атасыз өскөнбүз. Үй-бүлөдө 3 кызбыз. Союз ураган соң кыйынчылык учур баарыбыздын башыбызга келди. Ошондо апам үчөөбүздү кыйналса да багып өстүрдү.

Мурда көздөрүм сулуу жана жылдыздуу болчу

- Көздөрүң эмне мынча чоң деп таң калгандар жок эмес. Мурда көздөрүм сулуу жана жылдыздуу болчу. Турмушка чыккандан кийин жолдошум экөөбүз Москвага келдик. 2 жылдан кийин кыздуу болгонбуз. Кызым 1 жашка чыкканда көздөрүм шишип калчу. Бөйрөгүң ооруйбу деп үйдөгүлөр сурап калышчу. Мен да бөйрөгүмдөн көрүп жүргөм. Текшерилсем таза чыкты. Жүрөгүм тез-тез сокчу. Буттарым ооруганынан отурсам отура албай, турсам тура албай калчумун. Колум калчылдап, титиреп жана бир нерсеге тез маанайым түшүп, тез ачуум келип калган. Сулуулук салонунда иштеп жүргөндө бир кардар айым келип, көздөрүмдү карап, «бул богок» деди. Ал жактан дарыгерлер радиотерапияга бар дешкен. Бирок үйдөгүлөр, эжем каршы болуп койду. Андан кийин төрөбөй калат экенсиң, төрөсөң да балдарың майып төрөлөт дешти. Ошентип андан баш тарттык. Кыргызстанга барып дарыланып жүрдүм. Көп жолу Ошко барып, анализ тапшырып, элдик дарыгерлерге да бардым. Бир табып бар экен. Колуң менен мойнуңду кармап, богоктун тамырын кургатып коет экен дегенинен ишенип, ал табыпка далай акчамды короттум. Мындан башка да табыптарга бардым. Бирок эч кандай жылыш болгон жок.

Көзүмдүн айынан көп киши мага артын салды

- Бирок бул оорум менен айланамдагы адамдардын чыныгы жүзү ачылды. Кээ бир дос кыздар, тааныштарың сенин ийгилигиң үчүн дос болушат экен. Көзүмдүн айынан көп киши мага артын салды. Айрым туугандарым мени тааныбай калган. Айылга барсам, чоочун көз менен карашат. Мен «баягы баланчанын кызымын» дегенде таң калып калышчу. «Ушунча кебетем жаман болуп кеттиби?» деп апама жөлөнүп ыйлаган күндөрүм болду. Бирок өзүмдү колго алдым. 2017-жылы көзүмө операция жасалды. Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Өзүнүн дарысы бар. Ошону дайыма ичип жүрөм.

Турмушта эмне кылсам, анын баары жакшылыкка

- Максаттарым абдан көп. Эки баламды төрөп, декреттик өргүүдө отурганда инсанды өнүктүрүүчү сабактарга катышып, адам максат койсо сөзсүз жетерине ишендим. Мен ал нерсеге татыктуу эмесмин, кантип ага жетмек элем деген рамкадан чыгып, абдан чоң максаттарга умтула баштадым. Сулуулук салонду ушул ойдун арты менен ачтым. Болбосо коркуп, ар кайсыны ойлонуп отура берип, аны деле ача албай калышым мүмкүн болчу. Эми мен жаңы бийиктиктерге жетким келет. Эң негизгиси адамдардын жакшы жашоого жетүүсүнө себепчи болгум келет. Дүйнөнү саякаттап, ийгиликтүү айым болсом дейм.

Кыргызстанга баргыбыз келет, бирок...

- Бул жактан жакшы акча тапкан соң, ал жакка барганда эмне кылабыз деп ойлонот экенсиң. Окуу жайдан билим алууга шарты жок кыздар келип, пол жууп иштеп жүрүшөт. Аларды көргөндө колдон келген жардамыңды бергиң келет. Бооруң ооруйт. Көздөгөн максаттарыбызга жетсек, Кыргызстанга чоң-чоң компанияларды ачып, элге жумуш ордун түзүп беребиз деген да жакшы ойлорубуз бар.

Бош убактымда окумуштуулардын китептерин окуйм, видеолорун көрөм. «Эмне үчүн адам максатына жете албай, өмүр бою акчанын кулу болуп жүрө берет?» деген суроого жооп издейм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×