Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2018 18:00

Фото — Болот Шамшиевдин унаасын уурдап, өрттөп кетүүгө шектүүлөр кармалды

Turmush -  Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетүүгө шектүү адамдарды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы 29-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Свердлов РИИБге Б.Шамшиев аттуу жаран кайрылып, үйүндө токтоп турган «Мерседес Бенц Е-230» үлгүсүндөгү унаасын 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кетишкенин жана аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

2018-жылдын 9-ноябрында Свердов РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун Милянфан айылынан дөңгөлөктөрү жок өрттөлгөн унааны табышкан.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов РИИБдин Криминалдык милициясынын кызматкерлери Бишкек ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте аталган кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Алар 1994-жылы туулган Ш.К., жана 1993-жылы туулган Л.Ю., экендиги аныкталган.

Кармалган жарандар ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Бишкек шаарында белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×