Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2018 11:06 На русском

ИИМ менен Башкы прокуратура: Прокурор кылмышка шектүү М.Калыковго кылмыш иш козгой тургандыгын айтып коркутуп жүргөн

Turmush -  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кылмышын мойнуна алган көрсөтмө берген. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, М.Калыков прокурорду өлтүрүшүнө ага карата облустук прокурордун кандайдыр бир мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иш козгой тургандыгы боюнча бир нече жолку коркутуусу себеп болгонун айткан.

«Мамажакыпов тарабынан Калыковдун иштери боюнча дайыма пландык да пландык эмес да текшерүүлөр жүргүзүлүп турган. Калыков мурда административдик иш боюнча сот тарабынан 10 миң сомго айыпка тартылган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×