Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2018 10:21

Бишкек–Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайын аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Turmush -  Бүгүн 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Бишкек–Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көчкү атуу иштери жолдун 132-137, 198-265-чакырымдарында аткарылат. Бул өкмөт башчынын атайын буйругу чыккан. ӨКМдин ыкчам тобу менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан 1 артиллериялык эсеби бүгүн жолго чыгат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат, бирок унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жолду кардан тазалайт. Ички иштер министрлиги жолдогу унаалардын кыймылын коопсуздугун камсыздайт. Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгерлери артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин коштоп жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×