Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 26.11.2018 18:01 На русском

Жумадилде уулу Мурадил «Кыргыз алтын» ААКтын төрагасынын орун басары болду

Turmush -  Жумадилде уулу Мурадил «Кыргыз алтын» ААК башкармалыгынын мүчөсү — башкармалыктын төрагасынын экономика, финансы жана инвестиция маселелери боюнча орун басары болду.

Мындай чечим Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 18-октябрындагы көрсөтмөсүнүн негизинде жана «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңешинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы протоколуна ылайык кабыл алынган. Буга чейин ал «Кыргызтелеком» ААКта вице-президент болуп эмгектенген. Ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысынын орун басары болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×