Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 23.11.2018 17:28

Шашылыш билдирүү: Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан жана башка жерлердеги жолдорго кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Turmush -  Эртең, 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 25-ноябрда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

25-26-ноябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -12…-17°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13° суук болушу ыктымал.

23-ноябрдан 25-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка–Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×