Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 22.11.2018 08:38 На русском

Сүрөт — Акыр-чикирге толгон 2 бөлмөлүү батир тазаланды. Анын учурдагы көрүнүшү

Turmush -  Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү таштандыга толгон 2 бөлмөлүү батир тазаланды. Бул тууралуу 21-ноябрда АКИpress агенттигине мэриянын турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкери Жибек Каракеева билдирди.

Анын айтымында, батирден 12 самосвал, тактап айтканда 120 метр куб таштанды чыккан. Жакынкы күндөрү жылуулук системасы оңдолот.

8-кичи райондогу көп кабаттуу үйдөгү батирде жылуулукка байланыштуу маселе жаралган. «Бишкек жылуулук» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери батирдеги үйүлгөн таштандыдан улам оңдоо иштерин жүргүзө алган эмес. Акыры «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери чакырылган.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, бул батирде жашаган 80 жаштагы кожойкеге байланыштуу кошуналарынан бир нече жолу арыз-даттануулар болгон.

«Анын (кожойке) 7-кичи райондо дагы 3 бөлмөлүү батири бар. Ал дагы таштандыга толгон. Андан 40 унаа таштанды чыгышы мүмкүн», - деди «Тазалык» ишканасынын кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×