Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 21.11.2018 19:08

КТРКда айдоочулардын иш таштаганы боюнча И.Карыпбековдун билдирүүсү

Turmush -  Бүгүн, 21-ноябрда КТРКнын гаражынын директору кызматтан бошотулбасын деген талап менен айдоочулар иш ташташкан. Маалыматтар боюнча, нааразы болгондордун саны 49га жетет.

Айдоочу

Кийинчерээк КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков бул боюнча расмий маалымат таратты.

Анда (өзгөртүүсүз берилет): «КТРКнын структурасында "Республикалык радио-телецентр" РРТЦ деген өзүнчө юридикалык уюм иш алып барат. КТРКнын структурасында болгону менен, бул уюм өзүнчө мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. КТРКнын автотранспорттору дагы бул мекемеге тиешелүү. Кыскасы КТРКны транспорт жана техника менен камсыз кылган уюм.

Бүгүн чынында эле бул уюмдун шоопурлары кызматка чыгуудан баш тартышкан. Мен жыйын ордуна барып шоопурлар менен жолугушуп, алардын негизги талабын угуп келдим. Негизги талабы — гараждын башкармасы Рерих Абакировду кызматтык териштирүү учурунда жумуштан четтетүүгө каршы чыгышкан.

Азыркы тапта КТРКнын РРТЦ структуралык мекемесинин автотранспорттук гараждын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өзүнүн ишин аяктап чыга элек. Комиссиянын иши ар тараптуу, объективдүү болуусу жана комиссиянын ишине ар кандай тоскоолдуктар болбошу үчүн Р.Абакировду убактылуу гараждын башкармалыгынан четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбостон, шоопурлар жумушка чыгуудан баш тартышкан.

Шоопурлар менен чогулуш болуп бүттү. Алардын дооматтарын угуп, Р.Абакировду убактылуу четтетүү чечими жокко чыгарылып, КТРКнын РРТЦ структуралык бөлүмүнүн автотранспорттук гаражын текшерүүгө расмий укук коргоо органдарын жана Эсептөө палатасынын адистерин чакыруу чечими кабыл алынды. Бул тапта жыйын бүттү, шоопурлар өз ишине киришти», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×