Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 15.11.2018 14:07 На русском

Депутат кээ бир министрликтер компьютерде иштөөнүн зыяны үчүн кошумча төлөм алганына нааразы

Turmush -  Депутат Дастан Бекешев (КСДП) кээ бир министрликтер компьютерде иштөөнүн зыяндуулугу үчүн кошумча төлөм алгандыгына нааразы.

«Кээ бир министрликтердин компьютерде иштөөнүн зыяндуулугу үчүн кошумча төлөм алгандыгы боюнча маалымат бар. Кайсыл министрликтерге кайсыл токтомдун негизинде мындай төлөмдөр төлөнгөнүн айтып койгулачы? Бюджеттен канча каражат кетти?», - деди депутат 15-ноябрда парламенттин жыйында.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип жатып, мындай токтом бар экенин айтты.

«Ал токтом кайсыл жылы чыкканын мен тактайм. Мисалы, Улуттук статистикалык комитет мага кайрылып, аталган токтом аткарылбай жаткандыгын жана төлөмдү төлөө зарылдыгын билдиришкен», - деди өкмөт башчы.

«Анда мындай төлөмдөр баардыгына керек. Окуучуларга, студенттерге, кеңсе кызматкерлерине жана ишкерлерге дагы. Мага аталган токтом жокко чыгарылат деп убада беришкен», - деди депутат.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов токтомдо тартип жазылганын кошумчалады.

«Ал жакта сааты жана өндүрүмдүүлүк эсептелинет. Чечим кабыл алынган комиссия бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×