Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 15.11.2018 11:55 Жаңыланды: 15.11.2018 12:52

Видео: Бишкектеги эрте кыш. Аялдамаларда топтолуп, коомдук унааларга тыгылган жүргүнчүлөр

Turmush -  Кыргызгидромет эскерткендей эле бул жумада өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрдү. Ошондой эле Бишкек шаарында дагы 12-ноябрга караган түнү жааган кар ээрий элек.

Алдыдагы күндөрдө дагы аба ырайы туруксуз болушу күтүлүп жатат. Кыргызгидрометтин эскертүүсү боюнча, өлкө аймагында 19-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөгөнү менен жолдор тоңголок жана тайгак болот. Ал эми 20-21-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн.

Ал эми борбордун көчөлөрүндө тыгындар жаралып, аялдамаларда коомдук транспортторду күткөн жүргүнчүлөр үймөлөктөшүп турганын көрүүгө болот. Мэриянын маалыматы боюнча, учурда Бишкек шаарынын аймагында 90 автобус, 121 троллейбус жана 1806 кичи автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Кечээ, 14-ноябрдан тарта Бишкектеги троллейбустардын каттамы саат 20:00дөн 22:00гө чейин жылдырылды.

Төмөнкү видеотасмадан Бишкектеги коомдук унаалар менен каттаган жүргүнчүлөрдүн абалын көрүңүздөр:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×