Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 15.11.2018 11:26

«Айыл Банктын» капиталы 1 млрд сомго көбөйөт

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим «Айыл Банк» ААКты мындан аркы өнүктүрүү жана бул финансылык мекеменин мамлекеттик акциялар пакетин натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынган.

«Айыл Банк» ААК – агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырган өлкөнүн ири финансылык институттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле жеке жана корпоративдик кардарларды тейлөөнү, кошумча нарктын чынжырчасын каржылоону жана сооданы каржылоону камтыган сапаттуу банктык кызматтардын толук тизмесин сунуштайт.

«Айыл Банк» ААК капиталынын көбөйүүсү Кыргыз Республикасынын экономикасынын бүтүндөй агрардык тармагына жакшы таасир тийгизип, ошону менен бирге туруктуу жана кирешелүү финансы институту катары өз өнүгүүсүн уланта турганы болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×