Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 13.11.2018 18:11 На русском

Бишкекте жүргүнчү аялды унаа сүзүп кетти

Turmush -  Бүгүн, 13-ноябрда саат 14:30 чамасында Бишкек шаарында жол кырсык болду. Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, анын кесепетинен 40-45 жаштар чамасындагы аял киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Жабырлануучуну «Тойота Айго» үлгүсүндөгү унаа Дэн Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн сүзгөн. Унаа айып аянтчага токтотулуп, текшерүү, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×