Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 19.10.2018 17:22 На русском

Түнкү клубда эшиктин айнегин мас абалда сындырган кыз 6 айга кесилди

Turmush -  Бишкек шаарынын Биринчи райондук соту Сайкалдын (аты өзгөртүлдү Б.к.С.) кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

2018-жылдын 6-июнунда болжол менен түнкү саат 04:00дө айыпталуу мас абалда шаардагы барлардын биринин кире беришиндеги эшигинин айнегин сыранын бөтөлкөсү менен сындырып, 10 000 сомдук көлөмдөгү чыгым келтирген. Сайкалдын айтымында, 6-июнда курбусу менен түнкү клубдардын биринен жолугуп, спирт ичимдигин ичишкен. Болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында башка клубка барышкан. Ал жерден дагы спирт ичимдигин ичип, андан соң эмне болгонун билбей калган. Кийин ага видеокөзөмөлдөн клубдун эшигинин айнегин кантип сындырганын көрсөтүшкөн. Сайкал соттон эркиндигинен ажыратпоону өтүндү.

Бардын администратору өз көрсөтмөсүндө: «5-июнда болжол менен саат 19:00дө жумушка чыккам. 6-июнда болжол менен саат 01:30да Сайкал аттуу кыз өзүнүн курбусу менен келип, спирт ичимдигин ичип башташты. Саат 04:00 чамасында ал жаман сөздөрдү сүйлөп, конфликтке барды. Андан кийин коопсуздук кызматкерлери аны сыртка алып чыгышты. Ошол учурда Сайкал урнадан сыранын бош бөтөлкөсүн алып, аны менен эшиктин айнегин сындырып салды. Биз милиция кызматкерлерин чакырдык», - деди. Ал ошондой эле соттон 10 000 сомдук көлөмдөгү чыгымдын калыбына келтирилишин суранды.

Клубдун коопсуздук кызматкеринин айтымында, 6-июнда болжол менен саат 04:00дө мас абалдагы кардар өзүнүн тартипсиз аракеттерин көрсөткөн. Андан соң, бардын ичиндегилерге сыра куюп, кардарлардын дарегине адепсиз сөздөрдү сүйлөгөн. Мындан улам Сайкалды коопсуздук кызматкерлери сыртка алып чыгууга мажбур болушкан. «Бирок ал кайрадан клубдун ичине кирүүгө аракет жасады. Биз аны киргизбей койгондо урнадагы бош бөтөлкөнү алып, эшиктин айнегин сындырып салды», - деди ал.

Жыйынтыгында сот Сайкалды Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунун (ээнбаштык, башка бирөөнүн мүлкүнө атайын олуттуу зыян келтирүү, аны жок кылуу же зыянга учуратуу) негизинде күнөөлүү деп таап, 6 айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратты. Ошондой эле жазасын аялдардын абагында өтөөсү белгиленип, андан жабырлануучулар тарапка 10 000 сом өндүрүлүп берилмей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.