Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 20.09.2018 10:18

Видео — Кыргызстандык футболчу Чемпиондор лигасында гол киргиздиби?

Turmush -  Тарыхта биринчи жолу кыргызстандык футболчу УЕФАнын Чемпиондор лигасында ойноду.

19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү турнирдин таймаштары өттү. Россиялык ЦСКА футбол клубу чехиялык «Виктория Пльзень» клубуна каршы ойноп, мелдеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө россиялыктар 0:2 эсебинде жеңилип жатышкан. Тыныгуу учурунда машыктыруучу Виктор Гончаренко оюнга Дмитрий Ефремовдун ордуна Кыргызстанда чоңойгон, азыр Россиянын жарандыгын алган Ильзат Ахметовду чыгарды. Ал оюнга кошулары менен ЦСКА 1 гол киргизди. Андан кийин оюндун 68-мүнөтүндө Ахметов оюн эрежесин сактабагандыгы үчүн сары айып кагазын алды. Оюндун 85-мүнөтүндө ал өзүнүн ысымын киргизилген голдун автору катары жазып калтырууга мүмкүнчүлүк болду. Топту асманга көкөлөтүп берүүдөн кийин командалашы Марио Фернандес топту кабыл алып, аны кайра Ахметовго узатты. Ахметов топту дароо эле дарбазаны көздөй тепти. Топ ЦСКАнын дагы бир футболчусу Тимур Жамалетдиновдун бутуна тийип, андан кийин дарбазага кирди.

Мелдештин франциялык калысы Бенау Бастьен алгач бул топту гол катары эсептеп, бирок калыстардын берген маалыматынан кийин аны жокко чыгарды. Голду жокко чыгарууга Марио Фернандестин оюн эрежесин бузуусу себеп болгон.

Бирок ЦСКА Twitter социалдык тармагындагы баракчасында топ Жамалетдиновдун бутуна тийгенден кийин дарбазага киргенине карабай бул гол Ахметовдун ысымына жазылганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×