Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 15.09.2018 02:10

Айыл турмушу: 33 жаштагы М.Дөөлөтбакова тигүү цехин ачып, 4 келинди жумуш менен камсыздады (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 33 жаштагы тургуну Медина Дөөлөтбакова тигүү цехин ачып, айылдагы келиндерди иш менен камсыздап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районунда чоңоюп, 2007-жылы Бакай-Атага келин болуп келген. Учурда эки баланы тарбиялап жатат.

«Кол өнөрчүлүктү өзүмдүн апамдан жана кайненемден үйрөндүм. Тигүү цехин ачканга чейин 3 жыл үйдөн буйрутма алып, иштеп жүрдүм. Буйрутма көп түшө баштагандыктан чакан цех ачууга туура келди. Жолдошум бул демилгени колдоп, тигүү машиналарынын ар бирин 21 миң сомдон сатып берген болчу. Учурда мындай машинадан үчөө бар. Тигүү цехинде айылдагы 4 кыз-келин иштеп, аларга жума сайын 4 миң сомдон төлөнөт. Жумуш кышы-жайы үзүлбөй, ар тараптан буйрутмалар түшөт. Учурда күзгө ыйлак спорттук кийимдерди, сырткы кийим жана шымдарды тигүүдөбүз. Алардын баасы 250 сомдон башталып 1,5 миң сомго чейин жетет. Ал эми кышында сөзсүз курткаларды тигебиз. Ар бир кардардын буйрутмасын сапаттуу тигип берүүгө аракет жасайбыз», - деди ал.

Медина Дөөлөтбакова келечекте тигүү цехин чоңойтуп, ишсиз кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылууну максат кылат. Учурда аны менен иштеп жаткан жумушчулар тапкан маянасы менен үй-бүлөсүн багышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×