Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.09.2018 10:10 На русском

Миңдеген доллар инвестиция жана Франциядан бери келген коноктордун слёту. Кара-Көл шаарындагы жетишкендиктер (фоторепортаж)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ички, тышкы байланыштарды бекемдөө аракеттери Аймактарды өнүктүрүү жылында дагы улантылып жатат. Бул багытта жергиликтүү бийлик бир катар пландарды түзүп, баардык тараптар менен тыгыз кызматташып келет.

Жергиликтүү жашоочулардын айтуусунда, шаардагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү багытындагы көптөгөн иш-аракеттер жергиликтүү бийлик тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Буга Жазы-Кечүү айылында бүгүнкү күндө байкалып жаткан өзгөрүүлөрдү мисал кылышат.

Жазы-Кечүү айылындагы жашоочулардын билдирүүсү:

Жазы-Кечүү түптөлгөндөн тарта Оот айылы курала баштаган. Ооттон ары Гүдү деген жайлоо бар. Союз мезгилинен тартып биздин айылдаштар мал менен оокат кылып келишкен. Гүдү жайлоосунан кышкыга малга тоют камдап, чөп чаап алабыз. Союз убагында ошол жайлоого барган жолду карап, оңдоп турушчу. Кийин жол каралбай, жазгысын кыян жүрүп, адамдар каттай албай калган эле. Быйыл биз шаар бийлигине ушул көйгөй менен кайрылдык. Ошонун негизинде Оот айылынан ары Гүдү жайлоосуна чейинки 4 чакырым жол жасалды. Шаардык кеңештин депутаттары күйүүчү майга сарпталган 100 миң сом каражатты бюджеттен бөлүп беришкен. Ал эми тиешелүү техникалардын бири Токтогул районунун жол тейлөө ишканасынан кат аркылуу сурап, макулдашуу менен алынып келди.

Мындан сырткары НСГЭМ ишканасынын техникасы, Жазы-Кечүү айылынын жайыт комитетине келген жүктөгүч унаа дагы жол салуу иштерине пайдаланылып, жалпысынан 6 даана техника колдонулганы тууралуу маалыматыбыз бар.

Эски жолдун тик жерлери жаңыдан сүрүлүп, жапыз болуп жасалды. Мындан ары каттаган унаалар аркылуу жол дагы тапталып, тегизделет. Бул жайлоого кеткен жолдо жазгысын жаан-чачын жаап, сел жүрүп турат. Ошол себептен жол улам бузулуп, мезгил-мезгили менен оңдоо иштерин талап кылып келет. Мурда жайлоого чоң жүк ташуучу же аскердик унаалар менен барышса, азыр жеңил автоунаалар, «Жигули» менен да каттай турган болуп калдык.

Ошондой эле Оот айылынын ички 1,5 чакырым жолу дагы оңдолуп, жергиликтүү бюджеттен 600 литр күйүүчү май бөлүнүптүр. Биздин Оот айылы Кара-Көл шаарынан 30 чакырым алыс жайгашкан.

Айылдын Оот деп аталышы кызыл от деп аталган чөптүн көп өскөнүнө байланыштуу экени айтылып келет. Тактап айтканда от, чөп, тоют көп деген маанини билдирет. Мал кызыл отто жакшы оттогондуктан, айылдын эли мал чарбачылык, багбанчылык менен алектенебиз. Учурда айылда алтымыштай түтүн жашайт. Күнүмдүк турмушубузга булактын суусун пайдаланабыз. Ал эми сугат суу кенен. Эл ичкен булак суусунун курамы атайын лабораториядан текшерилип, таза экени аныкталган.

Жаш балдарыбыз 1-4-класска чейин Көк-Бел айылындагы Бабакан атындагы башталгыч мектептен билим алышат. Ал эми 5-11-класска чейин Жазы-Кечүү айылындагы №6 Т.Темиров атындагы орто мектептен билим алууну улантышат.

Учурда Жазы-Кечүү айылынын бир чакырым ички жолдоруна жаңы асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Буга чейин ички жолдорубуз асфальтталган эмес. Быйылкы жылды президентибиз Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Ажобуздун эл үчүн жасап жаткан иш-аракетин колдоп, биздин шаардын элинин көйгөйлөрүн чечип, инфраструктурасын жакшыртуу максатында көптөгөн иш-аракеттер жасалууда.

Жергиликтүүлөр белгилегендей, былтыркы жылдан бери шаар башчы эл менен жолугушууларда шаар ичиндеги жолдордогу аң-чуңкурлар жергиликтүү патриоттордун каржылоосу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын айтып келет. Ошол эле атуулдардын колдоосу менен шаарда кичи футболдук заманбап 4 аянтча курулду. Ошондой эле шаардагы көрүстөн толуп калгандыктан 4 гектар жер бөлүндү.

Жазы-Кечүү айылындагы Ш.Шаматов, А.Мамытканов көчөлөрүн асфальттоо


Чоң-Таш айылындагы абал

Чоң-Таш айылынын элинин айтуусу боюнча, быйыл Кара-Көл жайлоосуна баруучу жол оңдолду. Мэрдин аракети жана шаардан чыккан мыкты кулундардын жардамы менен жайлоонун жолу сүрдүрүлүп, кеңейтилип, түздөлгөн. Ага 100 миң сомдук күйүүчү май сарпталганы маалым болду.

Кара-Көл шаарындагы жашоочулардын шаардагы жетишкендиктер тууралуу пикирин уккан Turmush басылмасынын кабарчысы шаар мэри Ильяз Еркеев менен да маектешти.

Мэр Ильяз Еркеев

«Биздин шаар — Энергетиктердин жана гидрокуруучулардын шаары. Бул шаарды гидрокуруучулар менен энергетиктер түптөгөн. Быйыл алгач шаардын көчөлөрүн жарыктандырууну колго алдык. Атап кетсем, шаардын аймагына 200 даана түнкү шам чырактар орнотулду. Хуриевдин айкелинен ылдый Исанов көчөсүнө багыт алган жерге кичи аллея курулуп, плафондор коюлуп, бетон отургучтар орнотулду. Жарыктандыруу боюнча шаардын аймагында жайгашкан айылдар да эске алынып, бүгүнкү күндө Жазы-Кечүү айылын жарыктандыруу максатында сметасы 1 млн 200 миң сомдук жумуштарды баштаганы турабыз.

Шаарыбыз энергетиктердин шаары болгондуктан 150 миң сом каражат сарптап, «Кара-Көл — энергетиктердин шаары» деген жазууну орноттук. Ал түнкүсүн күйүп турат», - деди шаар мэри.

Ошондой эле Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарына караган тилкеси жарыктандырылган. Мэрдин маалыматына караганда, Бишкек—Ош жолунун Жазы-Кечүү айылындагы бөлүгүнө мамылар менен бирге 74 даана диоддуу лампалар орнотулуп, бул ишке атайын фонддон 2 млн сом каражат бөлүнгөн.

Кара-Көл (2)

Мэрдин айтымында, жыл сайын жаз мезгилинде Кара-Суу чоң суусунун деңгээли көбөйүп, жээгиндеги короо-жайларды суу каптап, турак үйлөр да зыян тартып келген. Жер төлөлөргө да суу кирип, нымдуулук ашыкча түйшүк жаратчу.

«Ошол эле Жазы-Кечүүнүн жолун оңдоо максатында Транспорт жана жолдор министрлигине жана Кара-Суу суусунун жээктерин бекемдөө максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып жатып, алардын жардамы менен жол оңдоого республикалык бюджеттен 5 млн сом жана 3 чакырым дамба куруп, жээкти бекемдөө иштерине 31,5 млн сом акча каражаты бөлүндү. Бул үчүн аталган министрликтерге ыраазычылык билдирем», - деди И.Еркеев.

Мэрдин айтымында, 2008-жылы курулушу башталган Саидбин-Аль-Мусаиб мечитинин имараты кайрадан курулат.

«Быйыл март айында ӨКМдин шаардагы бөлүмү жана Экотехинспекциянын кызматкерлери текшерип, курулушту жараксыз деп тапты. Бул мечит курулгандан кийин акырындап дубалдарынан жарака кетип, ал жыл сайын чоңойгон. 300 орундуу мечит болчу. Эми жаңы курула турган мечиттин жалпы сметалык баасы 8 млн сомдон ашты. Үч кабаттуу кылып тургузсакпы деп пландап жатабыз. Демөөрчүлөр — шаардан чыккан чыгаан атуулдар. Имарат ашар жолу менен курулат.

Ошондой эле шаар калкынын ден соолугун чыңдоо, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатындагы иштер жүрүп жатат. Жаш дарыгерлерди ишке тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн шаардык оорукананын короосунда 2013- жылы курулуп баштап, кийин токтоп калган 8 батирлүү имаратты куруп бүтүрүү үчүн Өкмөттүн колдоосу менен каржылоочу булактарды таптык.

Быйыл 15-августтан 18-августка чейин биздин шаарды түптөгөн, ушул жерде өскөн гидрокуруучу, энергетиктерди, алардын балдарын чакырып, элибиздин меймандостугу, маданияты менен тааныштырып, кызматташып, ынтымакты чыңдоо максатындагы иш-чараны экинчи ирет өткөрдүк. Ага 200дөй конок — Россиянын ар кайсы шаарларында, Францияда, Казакстандын Павлодар шаарында жашап, ошол жактын жараны болуп калган биздин мурунку атуулдар кичи мекенинде конок болушту. Иш-чара көргөзмө, коноктор катышкан парад, флешмобдор менен коштолду. Алар үчүн Токтогул ГЭСте жана анын музейинде, шаардагы 4 мектепке экскурсия уюштурулуп, "Достук" футболдук таймашы жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, пианердик жалындуу от жагуу, 80-жылдардын дискотекасы жана Нептун күнү белгиленди.

Кудай буйруса алдыда Кара-Көл шаарына 110 миң долларлык инвестиция тартылганы турат. Муну эл да билет. Эки жылдан бери шаардын аймагына цемент заводун куруу максатындагы иш-аракеттер, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буйруса Өкмөт колдоп, ушул иш жүзөөгө ашып калса шаардагы эң көйгөйлүү маселе болгон жумушсуздук да чечилип калмак. 800дөй шаар тургундары, жаштар иш менен камсыз болушат. Келишимде шаарыбыз үчүн абдан ыңгайлуу, пайдалуу социалдык пакеттер каралган.

Бюджетибиздин тартыштыгына байланыштуу акча жок деп отура бербей аракет кылып, шаардагы көйгөйлөрдү чечкенге каржылоо булактарын таап жатабыз. Аракеттенип, министрликтер менен чогуу иш жүргүзүүнү улантабыз.

Буйруса 3-ирет өткөрүлгөн III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары абдан жакшы өткөрүлдү. Төрт мамлекеттин президенттери катышып, чоң масштабда, абдан жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Биздин президентибиздин бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан саясатын Кара-Көл эли жана биз дагы колдойбуз», - деп кошумчалады Кара-Көл шаарынын мэри И.Еркеев.

Көчмөндөр оюндары: Кыргыздардын XIX кылымдагы жашоосун чагылдырган Жалал-Абад ордосу (сүрөт, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×