Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 11.09.2018 11:59 Жаңыланды: 11.09.2018 12:50 На русском

Мушташ учурундагы видео: Россиядагы кыргызстандыктардын кандуу чыры. 21 жаштагы Бекзат камакта

Turmush -  Россиянын Москва шаарында кыргызстандык жарандардын адам өлүмү менен коштолгон чырына байланыштуу тергөө иштери улантылып жатат. Шектүү айдоочу — 21 жаштагы Бекжан 8-ноябрга чейин камакка алынган.

Окуя 9-сентябрда (жекшемби) таң эрте түнкү клубдун жанында болуп, «Фольксваген Поло» унаасы 10го жакын адамды сүзүп кеткен. Алардын бири оор жаракат алып, көп узабай көз жумса, жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Жабыркагандар менен айдоочу кыргызстандыктар болгон. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары Бекжан Россиянын жарандыгын алганын жазып чыгышты. Ошондой эле айдоочу ошол учурда спирт ичимдигин ичпегени аныкталган.

Окуя учурунда видеокамерага тартылып калган видеотасма:

Бекжан окуя капысынан болгонун айтып, күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, түнкү клубга карындашынын 18 жашын белгилөө үчүн чогулушкан болчу. Алгач аны көчөдөн топ балдар сабагандан кийин унаасына отуруп, айдап бара жаткан. Бирок анын жолун топ балдар кайрадан тосуп, аларды сүзүп кеткенин айтты.


Видеотасмалар «Рен-ТВ» жана «НТВ» телеканалына таандык.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×