Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 07.09.2018 08:47 На русском

Москва шаарында Кыргызстанда туулган жигиттин башына кирпич түшүп каза болду

Turmush -  Москва шаарындагы курулуш аянтчасында жумушчунун башына крандан кирпич түшүп каза болду.

«Москва» агенттигинин маалыматына караганда, аталган окуя 5-сентябрда кечинде Старокрымск көчөсүндөгү үйдүн курулуш аянтчасында болгон. Кыргызстанда туулган 21 жаштагы жигит жумушун бүтүп, үйүн көздөй жөнөгөн. Ушул учурдан жаш жигиттин башына курулуш крандан кирпич кулаган. Анын кесепетинен жигит алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.

Полиция кызматкерлери Орто Азиядагы мамлекеттерде туулган 6 адамды – аталган жигиттин кесиптештерин кармашкан. Алар кырсык учурунда курулуп жаткан үйдүн чатырынан курулуш таштандыларын тазалап жатышкан. Жумушчулар бул таштандыларды курулуш кранына жүктөп, андан соң унаа аны кайра иштетүүгө алып кетмек.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, жумушчулар техникалык коопсуздукту бузуп, кирпичти түшүрүп алышы мүмкүн.

Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирип жатышат. Андан кийин алар кылмыш ишин козгоо маселесин чечишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×