Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.08.2018 17:42

«Юбканы шымга алмаштыр»: Журналистке орой мамиле жасаган кызматкер жумуштан айдалды (видео)

Turmush -  Журналистке юбканы шымга алмаштыр деген мамлекеттик кызматкерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 8-августта «Ала-Тоо 24» каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле кылган мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев жумуштан бошотулду. Тиешелүү буйрук аталган башкармалыкта бүгүн, 9-августта чыгарылган. Ага аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын этика кодексинин 5-беренесин так аткарбаганы, ошондой эле этиканын нормаларын сактабаганы себеп болуп, этика комиссиясы чечим чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×