Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 02.07.2018 15:56 Жаңыланды: 02.07.2018 18:45 На русском

Өлүгүн узатканыма ыйладым: Кыргызстандык Бек Россияда көз жумган жигиттин денесин ата-энесине азап менен жеткирди

Turmush -  Россиядан мигранттар которгон миллиондогон акчалар менен кошо табыттар да келип жатат. Айрым мигранттар өз ажалы менен көз жумса, айрымдар ар түрдүү кырсыктардан каза болушат.

Адатта алыс жакта каза болгон мекендештердин денесин Кыргызстанга жердештери, достору жөнөтөт. Мекенден сырткары турмуштун түйшүгүн тартып, ушул сыяктуу кайгылуу учурларга күбө болгон мекендештерибиздин бири — Бек. Ал 27 жашта. Учурда Россиянын Красноярск шаарында эмгектенип жатат.

Былтыр Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну М.Э. Россияда сууга чөгүп каза болгондо өлүк сактоочу жайга Бек биринчи жолу кирген. Ошол учурда катуу коркуп калгандыктан, ал окуя азыркыга чейин түшүнө кирет.

Мигранттын денеси

«Маркум жигит менен чогуу Россиядагы токойдо кытайлардын колунда иштеп жүрдүк. Ал эс алууга Карабула дарыясына барып, ошол бойдон сууга чөгүп кетти. Аны суудан чыгаргандан кийин тез жардам кызматкерлери алып кетишсе, бизди полиция суракка алды. Мен бригадир катары сурак берип келгенче денени өлүк сактоочу жайга алып кетишиптир. Анын жүзүн таануу үчүн мени алып киришти», - деди Бек.

Ал жерде ур-токмокко алынып же күйгөн адамдарды таануу кыйын. Сабалган адамдын жүзү шишип кетсе, күйгөн адамдын бет түзүлүшүнөн же тишинен гана таануу мүмкүн.

«Өз жеримде эркелеп, өзүмдү жаш сезип жүрсөм, айла жоктугунан ал баланын жансыз денесин Кыргызстанга жөнөтүү милдетин мойнума алдым. Өлүк сактоочу жайдагылар сенин психикалык абалыңа карабайт, ыйласаң сооротпойт. Ал жердин жыты кийимиңе, мурдуңа сиңип калат экен. Ал башкага жыттанбайт, бирок өзүңө билинет.

Биз жансыз денелер салынган үкөктөрдү ачып, жердешибизди издедик. Айрым денелер көгөрүп, шишип калыптыр. Ал баланын ата-энеси сойдурбагыла деп суранышты эле. Бирок өлүк сактоочу жайдагы адистер алыс жолдо дене жыттанып кетет деп ички органдарын алышкан. Экспертиза үчүн органдарынан алып калышып, корутунду эки айдан соң чыгарын айтышты.

Ал эми табытты дароо эле сатып алууга мүмкүн эмес. Аны маркумдун бой түзүлүшүнө карап жасашат экен. Биз аэропортко чейин 8 сааттык жол болгондуктан, дене жыттанып кетпесин деп табыттын арасына муздак суу куюлган бөтөлкөлөрдү тизип алып бардык. Маркумду мекенине жиберүү үчүн бир китептей эле кагаз чогултушат: өлүмүнүн себеби, медэкспертизадан тактама, полициядан киши колдуу болбогону сыяктуу кагаздар.

Ал эми денени өлүк сактоочу жайдан чыгарып алуу үчүн 26 миң рубль төлөнөт. Жол киресин ошол жерде иштеп жүргөн мусулман мигранттар топтоп беришти. Өлүк сактоочу жайдын сүрүнөн да өлүктү жакындарына тапшыруу жүрөгүңдү кыйнайт», - дейт Бек.

Россиядагы мекендештер чогулганда дайыма бөлөк жерде көзү өткөндөргө дуба кылып, Мекенге аман-эсен жетели деп тиленишет.

«Көптөгөн кыйынчылыктардан кийин денени өлүк сактоочу жайдан алып чыкканда жакындары, ата-энеси көз алдымдан өттү. Энесинин сойдурба деген сөзүн аткара албаганыма, бөлөк жерде сөзүм өтпөгөнүнө, тирүү алып келип, өлүк узатып жатканыма ыза болуп ыйладым», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×