Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Кыргызстан менен Моңголиянын президенттери жолугушту (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту. Жолугушуу Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында болгон.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, С.Жээнбеков Моңголиянын президенти менен таанышканына кубанычта экендигин белгилеп, Моңголия менен Кыргызстанды байыркы тарых жана маданий мамилелер байланыштырып тургандыгын, эки өлкөнүн элдеринде жалпылыктар жана окшоштуктар абдан көп экендигин айтты.

«Биздин жолугушуубуз Кыргызстан менен Моңголиянын ортосунда эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө болот деп ишенем. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана өз ара ишенимдин негизинде жемиштүү кызматташууга кедерги болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок», - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент кыргыз тарап Моңголиянын Бишкектеги башкы консулдугун элчилик кылып кайра түзгөндүгүн канааттануу менен кабыл алгандыгын баса белгиледи.

«Мындай кадам, албетте, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө сезилерлик салым кошот», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Монголия жетекчисин быйыл сентябрь айында өтө турган Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарына катышып кетүүгө чакырды. Буга жооп кылып, Халтмаагийн Баттулга сөзсүз иш-чарага өз делегациясы менен келээрин ырастады.

Ал эми Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалаган. Халтмаагийн Баттулга Кыргызстан дагы Моңголияда өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачат деген ишенимин билдирди.

Тараптар ошондой эле ШКУнун алкагында эки өлкөнүн кызматташуусунун келечегин, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1310
Көп окулду
×