Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуСокулук району 17.05.2018 11:19

Айыл турмушу: 8 жылдан бери бээ саап, сүтүн саткан Амантурдун жайлоодогу жашоосу (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Төш-Булак айылынын 28 жаштагы тургуну Эсенкул уулу Амантур 8 жылдан бери жайлоого чыгып, бээ саап, эс алуучуларга кызмат кылып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Амантур бул ишти май айында баштап, 2 ай катары менен жүз элүүдөй кардарды тейлегенге жетишет.

«Жылкы багып, бээлердин дарычылык касиети бар сүтү менен кардарларды тейлеп жатканыма быйыл 8 жыл болду. Жайлообуз Сокулук районунун Төш-Булак айылына жакын жерде жайгашкан. Учурда колумда 7 саан бээ бар. Күнүгө 5 маал саап, 30-40 литр кымыз жасайбыз. Акыркы жылдары кымыз ичип, жайлоодо эс алуунун ден соолукка болгон пайдасын билгендер көбөйүп калды.

Келечектеги максатым — чоң бээлерди көбөйтүп, ушул ишимди дагы өнүктүрсөм дейм», - деди ал.

Амантур үй-бүлөлүү, 1 уул жана 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×