Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 11.04.2018 10:41 На русском

Видео, фото — Россияда тик учак кулап, 6 адам каза болду

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Россиянын Хабаровск шаарында «Ми-8» үлгүсүндөгү тик учак кыйроого учурап, 6 адам каза болду. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы ӨКМдин Хабаровск аймагы боюнча өкүлүнө шилтеме берүү менен жазды.

«Издөө иштери жыйынтыкталды. Тергөө комитети окуя болгон жерди карап жатат. Ал жерде тик учактын сыныктары табылды жана анын корпусу күйүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Россиянын тергөө башкармалыгы 6 адам каза болгонун тастыктады. Тергөөнүн маалыматына караганда, бортто экипаждын 6 мүчөсү болгон. Учурда учак кырсыкка 3 себеп болгону айтылууда. Алар — аба ырайы, техникалык жана тик учакты сыноодогу кемчилик. Бул факты боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги 263-берененин (аба транспортун колдонууда эреженин бузулушу) негизинде кылмыш иш козголду.

Видеону жарыялаган күбөнүн айтымында, тик учак турак үйдөн 200-300 метр алыстыкта кулаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×