Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 26.03.2018 18:50

Баракелде! Сүрөтчү Нурлан Дүйшөбеков кофенин жардамында кыргыз салты менен маданиятты даңазалайт (фоторепортаж)

Turmush -  Таланттуу сүрөтчү Нурлан Дүйшөбеков акварель, карандаш же башка каражаттарды колдонбостон керемет сүрөттөрдү тартат. Анын эмгектерине көрк берген өзгөчө куралы — кадимки кофе.

25 жаштагы сүрөтчү Бишкек шаарында өскөн. Өзү Limon.KG басылмасына билдиргендей, 2010-2015-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУда салык тармагы боюнча жогорку билим алган. Учурда графикалык дизайнер катары эмгектенет жана Кыргызстандагы жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык өнүгүүсүнө кызыккан Star art space долбоору менен алек.

«Окуу менен жумушту айкалыштырдым. Сабактан кийин кофейнядагы барда эмгектенчүмүн. Бош учурумду сүрөт тартуу менен өткөрөм. Сүрөт тартуу мен үчүн хобби болчу жана ушул бойдон калат», - деди Нурлан.

Анын атасы да сүрөтчүлүк өнөрдү аркалап, Санкт-Петербургда билим алып, Кыргызстандын сүрөт академиясында эмгектенген. Учурда доцент.

Латте-арт искусствосун сүйгөн талант алгач кофенин үстүнө сүрөт тарткандан кийин кофенин жардамында кагазга сүрөт тартып көргөн. Бул ыкманы өзгөчө жактырган таланттын эмгегинде негизинен Кыргызстандын жаратылышы, каада-салт, улуттук кийимдер сыяктуу баалуулуктар чагылдырат. Ал эми мындай сүрөттөрдү даярдоо 2 сааттан 10 саатка чейинки убакытты талап кылат. Ошондой эле каарманыбыз акыркы айларда кофенин жардамында сүрөт тартуу өнөрү боюнча мастер-класстарды өткөрүүдө.

«Ар бир адамдын өзүнүн багыты болот деп ойлойм. Кимдир бирөө ырдаса, башкалар сүрөт тартып, айрымдар бактан өзгөчө буюмдарды жасайт. Сүйүктүү жумуш бакыт менен бакубатчылык алып келет. Өзүңдүн тажрыйбаңды арттырып, максат, идея жана кыялдарды ишке ашыруу менен алдыга гана умтулуу керек», - деп кошумчалады Н.Дүйшөбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×