Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Өлүм менен коштолгон уруш: Бишкекте күйөөсүн кызганган келин 35 жаштагы аялды бычактап өлтүргөн

Turmush -  Бишкек ШИИБ Ч.Айтматов көчөсүндөгү үйдүн подъездинде жансыз денеси табылган 35 жаштагы аялдын өлүмү тууралуу маалымат берди.

Аталган түзүм АКИpress агенттигине билдиргендей, аялдын жансыз денеси 15-февраль күнү саат 08:35те табылган. Окуя болгон жерге жөнөтүлгөн ыкчам тергөө тобу каза болгон аял бычактан жаракат алганын аныкташкан. Анын жанында документтери жана телефону болгон эмес. Кийинчерээк анын өздүгү аныкталып, ал 1983-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну А.З. экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин ( адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, дене соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.

Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо максатында ыкчам топ түзүлүп, каза болгон Айгеримдин (аты өзгөртүлдү, А.З.) туугандары, достору жана тааныштары суралган. Анын жүрүшүндө ал Самат (аты өзгөртүлдү,С.А.) аттуу жаран менен 2014-жылы үйлөнө турган болуп, бирок той болбогону аныкталды. Буга Саматтын ата-энесинин каршылыгы себеп болгон. Анткени Айгерим буга чейин турмуш курган.

Кийинчерээк Самат Кыял (аты өзгөртүлдү, У.К.) аттуу кызга үйлөнүп, алар 2016-жылы кыздуу болушкан. 2017-жылдын май айында Кыял күйөөсүнүн телефонунан социалдык түйүн аркылуу Айгерим менен жазышканын көргөн. Бул окуядан кийин күйөөсү экөөнүн ортосундагы мамиле бузулуп, ал кызын алып кетип калган.

Ошондой эле, териштирүүнүн жүрүшүндө Айгерим Бакыт аттуу адам менен сүйлөшүп жүргөнү аныкталган. Анын досторунун айтымында, ал Бакыт менен социалдык түйүн аркылуу сүйлөшүп жүргөн. Кыялдын үйүн тинтүү учурунда Айгеримдин телефон номуру жазылган барактар табылган. Ал Айгеримдин жүргөн жерин билип туруу үчүн социалдык түйүндө Бакыт аттуу адамдын атынан баракча ачкан.

14-февраль күнү Кыял Айгерим менен жолугуп, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен ал Айгеримге бычак сайып, окуя болгон жерден из жашырган. Козголгон кылмыш иштин алкагында 1988-жылы туулган шектүү кармалып, СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакка алынды.

ШИИБдин маалыматына караганда, шектүү күнөөсүн мойнуна алып, Айгеримди өлтүрүүнү пландабаганын билдирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18278
Көп окулду
×