Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баракелде

А.Калиев гана өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазды, - С.Исаков

Turmush -  Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча бир гана адам өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгандыгын билдирди.

«Мага бир адам келип өзүнүн арызын берди. Ал — «Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси, менин жанымда отурган Айбек Калиев. Бирок арызды кабыл алган жокмун. Айбек Рыспековичти коргогум келбейт, бирок ал абдан аракет кылып жатат. Ишине күйүп, уктабай ошол жакта жүрөт. Албетте көйгөйлөр бар, ачык айтыш керек, анын күнөөсү да бар. Бирок ал ушундай арызы менен келди», - деди Исаков бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин отурумунда.

Депутат Руслан Казакбаев («Республика — Ата Журт») жооп катары бул кадрдык кризистин белгиси экендигин айтып, Бишкек ЖЭБдин жана «Электр станцияларынын» жетекчилери өз каалоолору менен арыз жазбагандыктарын билдирди.

30-январда өкмөт башчы «Улуттук энергохолдингге» «Электр станцияларынын» жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоевдин жана Бишкек ЖЭБдин директору Өмүркул уулу Нурландын ээлеген кызматтары боюнча маселени карап көрүүнү сунуштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1033
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×