Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Төрөттөн кийин 68 мүнөткө жүрөгү токтогон эне 9 жылдык жашоосун унутту (фото)

Turmush -  22 жаштагы Шеннон Эвереттин төрөттөн кийин 68 мүнөткө жүрөгү токтоп, дарыгерлер аны жасалма комага киргизишти. Ал өзүнө келгенде акыркы 9 жылдагы жашоосун унутуп калган. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Шеннон Эвереттин 4 ирет боюнан түшүп, андан кийин эки бала төрөгөн. Анын жүрөгүнүн токтошуна канына ымыркай жаткан суунун кирип кеткени себеп болгон. Ал 6 ай ооруканага жатып, бирок эч нерсе эстеген эмес. Шеннон жада калса сүйүктүүсү Иоанду жана бала төрөгөнүн эстей албай койгон. Учурда ал майыптардын арабасы менен жүрөт.

«Ал мага апа деп кайрылды. Биз андан жашаган жеринин дарегин сурадык. Ал 13 жашында жашаган үйдүн дарегин айтты. Ага 2 баласы бар экенин айтканыбызда ишенген жок. Ал өзүн өспүрүм кызмын деп ойлоп жатат окшойт», - деди Шеннондун апасы. Шеннон учурда бардыгын башынан үйрөнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2845
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×