Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Видео, фото - Зоопарктын директорунун үйүнө арстандын баласын таштап кетишти

Turmush -  Бишкекте мыйзамсыз кармалган арстандын баласы «Бугу-Эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, кечээ, 30-ноябрь күнү кечинде белгисиз адамдар «Бугу-Эне» коомдук фондунун жетекчисинин үйүнө арстандын баласын таштап кетишкен. Фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын экологдоруна билдирген. Текшерүү учурунда кызыл китепке кирген жаныбар оорубагандыгы жана жакшы шарттарда багылганы аныкталды. Ага Актилек деген ысым ыйгарышты.

Зоопарктын директору С.Сеитова Turmush басылмасына билдиргендей, анын үйүнө ташталган арстандын баласы 4,5 айлык болгон.

«Кечээ кечинде эшик такылдап, короодогу иттер үрдү. Эшикти ачып чыксак кичинекей арстан туруптур. Бүгүн аны дарыгерлер текшеришти. Болжол менен 4,5 жашта жана салмагы 22 килограммды түзөт. Анын абалы жакшы, жакшы каралганы көрүнүп турат. Салмагы жана бою жашына туура келет. Жүнү таза жана тегиз экен», - деди ал.

Мындан бир ай мурун да Бишкек шаарындагы көчөдөн арстандын баласы табылган болчу. Ага Акжолтой ысымы берилип, убактылуу борбор калаада багылып жатканы маалымдалган.

«Бугу эне» зоопаркынын директору Салтанат Сеитованын айтымында, учурда жаныбар өзүн жакшы сезип жатат. Аны адистер текшерип жана дарылоо-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

«Жаныбар өзүн жакшы сезип жатат. Ал алгач келгенде күнүнө 1,5 килограммдан эт жесе, учурда 3,5 килограммга чейин жеп жатат. Бул анын ден соолугу үчүн жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Ал чоңоюп жатат жана өзүнүн жашындагыдай көрүнбөйт. Жаныбардын бою болжол менен 1,5-2 айдагыдай. Ага күнүнө 4 ирет тамак берилет», - деди ал.

Учурда арстандын баласы Бишкек шаарындагы даарылоодон өткөрүлүп жаткан жаныбарлар менен чогуу багылууда.

«Ага капас даярдала элек. Биз аны 1-2 айдын аралыгында көзөмөлдөп турушубуз керек. Бишкекте квалификациялуу, көп тажырыйбага ээ ветеринардык дарыгерлер бар. Алар жаныбарга жакшы жардам бере алышат. Ошондуктан арстан Бишкекте багылып жатат. Анын бизге суук мезгилде келиши абалды бир аз татаалдантат. Биз Караколдун тургундары аны чыдамсыздык менен күтүп жатканын түшүнөбүз. Бирок ага алгач жылуу капас даярдоо зарыл. Ал африкалык арстан. Ошондуктан суукка көпкө чыдай албайт», - деди ал.

Жаныбар Каракол шаарына жаңы жылга жакын бериле турганы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1398
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×