Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Ө.Бабановдун ордуна лидер болуучу 2 талапкер бар

Turmush -  Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидерлигине 2 талапкер чыкты. Бул тууралуу АКИpress агенттигине депутат Умбеталы Кыдыралиев бүгүн, 14-ноябрда билдирди.

«Азырынча так белгисиз, жакынкы күндөрдө маалымат беребиз… Азырынча Курманкул Зулушев жана Талант Мамытов талапкер экенин билем. Бул маселе фракциянын жакынкы жыйынында каралат», - деди эл өкүлү.

Өмүрбек Бабанов «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери болуудан баш тартканы фракциянын 13-ноябрдагы кезексиз жыйында белгилүү болгон эле. Анын билдирүүсүн фракция лидеринин орун басары Талант Мамытов окуду.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова («Республика – Ата Журт») 8-ноябрдагы жыйында Ө.Бабанов чет өлкөдө дарыланууда экенин ырастаган болчу. Ал партиялашы дарылануудан кийин кайтып келе турганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×