Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Суудагы жол кырсыктан дагы бир аялдын өмүрү кыйылды

Turmush -  Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 39 жаштагы жашоочусун унаа сүзүп кетип, дарыгерлер өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. ОИИБдин Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечеловдун айтымында, окуя кечээ, 12-октябрда саат 21:30 чамасында болгон.

Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну башкарган «Субару Легаси» үлгүсүндөгү унаа Бишкек—Ош жолунун 633-чакырымына жеткенде жолдон өтүп бара жаткан 39 жаштагы аялды сүзгөн. Ал жабырлануучу Куршаб аймактык ооруканасына жетпей каза болгон. Анын денеси соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


авто

Бул Кара-Суунун аймагында акыркы суткадагы адам өлүмү менен коштолгон экинчи кырсык.

Бүгүн, 13-октябрга караган түнү Бишкек—Ош унаа жолунун 633-чакырымындагы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында унаа сүзүп кеткен аял киши каза болгон. Жабырлануучу — райондун Савай айылынын 1952-жылы туулган тургуну А.Г. ооруканага жетпей көз жумду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1968-жылы туулган айдоочу Э.А. өзүнүн «Фольксваген Гольф» унаасын мас абалда башкарып жүргөн. Ош облустук Патрулдук милициясынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.


унаа

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1036
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×