Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Баткен

3 миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли башка элдин «шестеркасын» шайлабайт, - президент А.Атамбаев

Turmush -  Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аймактарын кыдырып, кыргызстандыктар менен президент катары соңку жолугушуусун улантып жатат. Бүгүн, 13-октябрда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аскер кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү 3 үйдүн ачылышына катышты.

«Кыргыз эли жаңы президентин шайлап жатканда аскерлер үчүн ушундай жаңы үйлөрдүн курулушу, аскерлерге үйлөр берилип жатканы өзгөчө жышаан, жакшы белги», - деп белгиледи өлкө лидери.

Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл кала турганын айткан өлкө башчы саясий абал, шайлоого карата кайрылуусун да айтты.

«Азыркы күндө көрүп жатабыз, чет элдик байлар, чет элдик бийлик акчасы менен өзүнүн "шестеркасын" тандап жатат. Бери жагы 3 миң жылдык тарыхы бар кыргыз эли 3 күндүк блокададан коркуп кетип бирөөнүн "шестеркасын" эч качан шайлабайт.

Биздин жерибизге кылыч менен келгендер башын калтырып кетишчү. Корко турган, тизелей турган кыргыз эли эмес. Кыргыздар үчүн дайыма намыс — элдин намысы, өзүнүн намысы жанынан артык.

Кыргыз элин коркутуу жолу менен "шестеркасын" президент кылам дегендер, кыргыз элин коркутам дегендер абдан адашып жатат. Албетте, азыр армиябыз күчтүү, ар бир жерден жооп бере алабыз. Бирок башкача согуштар — информациялык, акча согуштары чыгып жатат.

Эгемендүүлүктү курал менен эмес, акыл, добуш берүү менен сакташыбыз керек. Элибиз үчүн башыбыз курман. Эгемендүү Кыргызстан мындан ары кылымга сакталат. Миңдеген жылдар бою эгемендүүлүк үчүн ата-бабаларыбыз жанын берген», - деди А.Атамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3039
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×