Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Баткен

А.Атамбаев Баткенде аскер кызматкерлери үчүн курулган үйдүн ачылышына катышты

Turmush -  Бүгүн, 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткен шаарынын Туура-Таш конушунда аскер кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу 3 үйдүн ачылышына катышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өлкө жетекчиси батир ээлерине тынчтык каалап, ачкычтарды тапшырды.

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшембиевдин айтымында, батирлер эмгек стажы көп адамдарга жана үйү жок жүргөн көп балалуу кызматкерлерге берилди. Батирлерге кирген аскер комиссариатынын, Улуттук гвардиянын, Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн арасында 8 балалуу адамдар да бар. Мындай үйлөр Ош, Жалал-Абад облустарында да курулууда. Алдыда 500дөн ашык кыргызстандык аскер кызматкерлер үй менен камдыздалат.

Жаңы курулган 3 кабаттуу үйлөрдө 1, 2, 3 бөлмөлүү батирлер бар.

 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×