Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Ленин райондук соту Аида Саляновага өкүм чыгарды

Turmush -  Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата өкүм чыгарды.

Өкүмдө депутаттын кичүү кызы 14 жашка толгонго чейин мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу чарасын токтотуу чечими кабыл алынганы айтылды.

А.Салянованын кичүү кызы 2015-жылдын 18-июлунда төрөлгөн.

Бүгүн отурум өткөн залга болжол менен депутаттын 40ка жакын тарапташтары чогулду. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, акыйкатчы Кубат Оторбаев, Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана башкалар бар.

Мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, «Ата Мекен» фракциясынан парламенттин депутаты Аида Саляновага 2016-жылдын 26-декабрында кылмыш иш козголгон.

Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы аны юстиция министри болуп турганда 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин изделип жаткан Алексей Елисеевге жактоочунун уруксат кагазын мыйзамсыз берген деп айыптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2871
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×