Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Ырчы Гүлбү Орозкул кызы Бишкекте акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Эстрада ырчысы Гүлбү Орозкул кызы бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарында акыркы сапарга узатылып, Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө коюлду. Эстрада жана фольклор ырларынын аткаруучусу 2017-жылы 1-ноябрда 41 жашка толмок.

Ал Жалал-Абаддагы Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. 6-октябрда ырчынын Бишкектеги үйүнө тез жардам кызматынын дарыгерлери чакырылып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн болчу. Андан бир нече убакыт өткөндөн кийин көз жумган ырчынын өлүмүнө ичине кан толуп калганы себеп болгонун дарыгерлер айтышкан. 

Гүлбүбү Орозкул кызы Гүлзат Батырканова каза болгондон кийин (2015-жылдын 2-январында жол кырсыктан көз жумган) «Кыз-жигит» сармерден теледолбоорун алып баруучу шайыр жеңенин милдетин аткарып келген.

Ырчы менен мурунку жолдошу — төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин эки кызы бар. Улуу кызы жакында биринчи перзентин жарыкка алып келген эле.

Маркум үй-бүлөдө 3 бир тууган. Андан кийин 2 иниси бар. Атасынан 1 жашка чыкканда ажыраганын журналисттер менен болгон мегинде эскерген болчу. Ырчынын апасы 60 жашта.

Гүлбү Орозкул кызы

Кыздары менен

11

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11237
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×