Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2017 16:05

Жабык имараттагы Азия оюндары: Видео — Айсулуу Тыныбекова 36 секундда финалга чыкты

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында финалга чыкты.

Бүгүн, 25-сентябрда күрөш боюнча 8 комплект медаль ойнотулуп жатат. А.Тыныбекова 58 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, чейрек финалда япониялык Акие Ханаини утуп, жарым финалда вьетнамдык Дао Тихуонгду 36 секундда жеңди. Бул таза жеңиштен кийин кыргызстандык балбан кыз чечүүчү беттеште кытайлык Пей Сингру менен таймашууга жолдомо алды.

Ошондой эле, 75 кг салмакка чейинкилер арасында таймашкан Айпери Медет кызы жана 53 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан Назира Марсбек кызы коло байге үчүн күрөшөт.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

53 кг чейин, 1/8 финал

Юко Яго (Япония) — Назира Марсбек кызы — 10:0

75 кг чейин, 1/8 финал

Пужа (Индия) — Айпери Медет кызы — 2:2, Медет кызы Айперинин жеңиши

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×