Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Дүйнөлүк чемпионатта коло тагынган А.Талантбековду Нарын шаарынын вице-мэри кабыл алды (фото)

Turmush -  Ак-талаалык 17 жаштагы балбан Акылбек Талантбековду Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова кабыл алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Грециянын Афина шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 76 кг салмактагылар арасында Акылбек Талантбеков коло медаль уткан. Ал жолугушуунун жүрүшүндө ар кандай тоскоолдуктарга карабай болгон күчүн жеңишке арнаганын жана алыскы Афинадан Кыргызстандын атын чыгарганын сыймыктануу менен айтты. Ошондой эле, ата-энесинин, бир туугандарынын, машыктыруучусунун жана бүтүндөй кыргыз элинин колдоосу менен ийгиликке жетишкендигин белгиледи.

Тема боюнча: Видео, фото - Грецияда грек-римден коло медалды багынткан ак-талаалык балбан А.Талантбековду жердештери салтанат менен тосуп алышты

Видео, фото - Грецияда коло тагынган А.Талантбековдун жеңишинин урматына Теректе футбол уюштурулду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу