Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Кыргызстандык спортчу кыздар А.Тыныбекова жана Д.Маслова «Данк» ордени менен сыйланышты

Turmush -  Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жана жеңил атлетчи Дарья Маслова «Данк» ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 30-августта президент А.Атамбаев социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жөө күлүк Дарья Маслова ушул жылдын август айында Кытайдын Тайбэ шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утуп алган. Ал эми, июль айында өткөн жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында эки алтын медалды багындырды.

Айсулуу Тыныбекова ушул жылдын август айында Францияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта коло медалдын ээси болду. Ал өзүнүн сегиз жылдык спорттук карьерасында 7 алтын, 9 күмүш жана 8 коло медалдарды багындырган. А.Тыныбекова 2016-жылы өткөн Азия чемпионатында чоңдор жана кадеттер арасындагы таймашта Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын медалды уткан. Ошондой эле, 2014-жылы Азия оюндарында жана 2013-жылы Бүткүл дүйнөлүк универсиадада коло медалдарга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу