Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Милиционерлерди жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендер спорт ордосунан кармалды

Turmush -  Бишкекте Патрулдук милициянын инспекторун тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендер спорт ордосунан кармалды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине өздүк булактар маалымдады.

УКМК маалыматты тастыктады. Бирок кенен маалымат беришкен жок.

«Шектүүлөр антитеррористтик иш-чаралардын алкагында кармалды. Кенен маалымат кийинчерээк берилет», - дешти түзүмдөн.

Күбөлөрдүн айтымында, кармоо операциясы түш ченде болду. Алардын бири спорт ордосунун имаратынан, экинчиси ага жакын жерге токтотулган унаадан кармалды.

Буга чейин:

Бишкекте Патрулдук милициянын инспекторун тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп качып кеткендердин бири — 30 жаштагы К.Ч. кармалган. Маалыматка караганда, аны мечиттин жанынан кармашкан. Ал Казакстандын жараны. Иликтөө иштери улантылып, казакстандык экинчи шектүү — 1989-жылы туулган С.Д. изделип жаткан.

ИИМдин маалыматына караганда, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө темир жол өтмөгүнүн жанында Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежелерин бузуп, жол чыракка токтобой өтүп кеткен «Nissan Presage» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Тийиштүү документтерди текшерүү учурунда унаанын ичиндеги адамдар милиция кызматкерлерин тапанча жана жардыруучу зат менен коркутуп, качып кетишкен.

Шаардын ички иштер башкармалыгы «Nissan Presage» унаасы кийики күнү Көк-Жар конушунан табылганын, ал жерде тергөөчүлөр эксперттер менен иштеп жатканын билдиришкен.

Шектүүлөр

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 716
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу