Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Дүйнөлүк чемпионат: Кыргыз көк бөрүчүлөр финалда казакстандыктарга утулду

Turmush -  Кыргызстандык көк бөрүчүлөр көкпөр (көк бөрүнүн казакчасы) боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалында Казакстандын курамасына уттурду. Муну менен Кыргызстан 12 команданын ичинен 2-орунга жазылды.

Финалдык беттеш бүгүн, 27-августта Казакстандын Астана шаарындагы «Казанат» ат майданында өттү. Ал эми, жыйынтыгында 3-орунга Тажикстандын курама командасы Кытайдын улакчыларын жеңүү менен ээ болду.

Финалдык беттештин алгачкы 10 мүнөтүн талаа ээлери 3:0 эсеби менен жыйынтыктады.

Андан кийин калыстар талкуулоо менен кыргызстандык Сейитбек Анарбек уулуна, андан кийин казакстандыктарга 5 мүнөт бөлдү. Бул мүнөттө эсеп 3:1 болду. Бирок экинчи таймдын башталышында казакстандык улакчылар кайрадан упай топтоп, эсепти 4:1 кылды.

Финалдык эсеп 4:1 жана Казакстандын көк бөрүчүлөрү — көкпөр боюнча дүйнө чемпиону.

Кыргызстандыктар алгач 21-августта Моңголиянын командасы менен беттешип, эсеп 4:0 эсебинде биздин жеңиш менен аяктаган.

22-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары ойноду. Жыйынтык — 11:2 жана жеңиш Кыргызстанда.

23-августта Түркиянын курама командасы кыргызстандыктарга 3:13 эсебинде утулган.

25-августта Кыргызстандын курама командасы АКШнын курамасы менен ойноп, мелдеш 11:6 эсебинде аяктаган.

Чемпионаттын алдында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасында өзгөрүү болуп, Манас Ниязов («Достук») менен Бактияр Жабагиевдин («Ынтымак») ордуна Акбар Иманбеков («Достук») жана Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») ойной турганы маалымдалган эле.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы:
- Жолдошбек Орозбаев («Ынтымак»), Арбат аргымагы менен;

- Тынчтык Кабылбеков («Ынтымак») – Торпедо;

- Карыпбек Эшиев («Ынтымак») – Эркетору;

- Урмат Раушан уулу («Ынтымак») – Ахиллес;

- Кубаныч Султан уулу («Биримдик Аюу») – Атаман;

- Нурманбет Койчукеев («Биримдик Аюу») – Туман;

- Рустам Тыналиев («Биримдик Аюу») – Комбат;

- Таштемир Замирбек уулу («Достук») – Алай;

- Аскат Батырбек уулу («Достук») – Токмок;

- Сейтбек Анарбек уулу («Ынтымак») – Алтынказ;

- Акбар Иманбеков («Достук») – Рекорд;

- Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак») – Бойка.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1349
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу