Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Turmush -  17-августта Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, 1966-жылы туулган Г.А. менен 1971-жылы туулган С.С. КМШдагы өлкөнүн жарандары. Алар террористтик ишмердүүлүккө жана Сириядагы согушкерлер менен байланышка шектелип, издөөдө жүрүшкөн. Кыргызстанга келип, чет өлкөлөрдөгү террористтерден буйруктарды күтүп жатышкан. Алар жасалма паспорттор менен жүрүшкөн.

18-августта жазага тартуу үчүн алар тийиштүү кызматтын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×