Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Баракелде

UFC: В.Шевченко менен А.Нунестин беттеши сентябрда өтөт

Turmush -  Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нунестин беттеши 9-сентябрда Канадада өтөт.

Таймаш UFC 215 турниринин алкагынды уюштурулат. Мушкер айымдар жеңил салмактагы кыз-келиндер арасында чемпиондук кур үчүн күч сынашат. Шевченко менен Нунестин беттеши 9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтмөк. Бирок, таймашка бир нече саат калганда Аманда Нунес ден соолугу калыбында эместигин айтып, беттештен баш тарткан. Экөөнүн буга чейинки таймашында Нунес упайлык эсеп менен жеңүүчү болуп, чемпиондук курду ээлеген. Ал жалпы 18 таймаш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жетишип, 4 жолу утулган.

Валентина Шевченко эрежесиз эр таймашта 16 жолу күч сынашып, 14 жолу жеңишке жетишип, 2 жолу утулган.

Валентина Шевченко Нунес менен эң маанилүү беттеш өтпөй калганы үчүн канча миң доллар алат?

UFC 213: А.Нунес кыргызстандык В.Шевченко менен беттешүүдөн баш тартуусунун себебин түшүндүрдү

Валентина Шевченко: Дарыгерлер А.Нуньеске беттешке уруксат берди, бирок өзү баш тартып койду

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1760
Көп окулду
×