При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кыргызстандык И.Конушбаев аскага чыгуу боюнча Азия чемпионатында 7-орунду ээледи

Turmush -  Кыргызстандык 4 спортчу Сингапурдагы аскага чыгуу боюнча Азия чемпионатына катышып жатышат. Альпинизм жана аскага чыгуу эл аралык федерациясы билдиргендей, 20 жашка чейинки жаштар арасындагы мелдеш «кыйынчылык», «ылдамдык» жана «боулдеринг» дисциплинасы боюнча өтүп жатат.

Аскага чыгуу боюнча турнирдин «ылдамдык» дисциплинасында кыргызстандык спортчу Иса Конушбаев 11,51 упай топтоп, 7-орунга ээ болду. Ошондой эле, 1/8 финалга чыккан кыргызстандык дагы бир спортчу Антонио Эрнандес 10-орунду, ал эми 20 спортчунун арасынан Глеб Рожков 17- орунду алган.

Турнирдин «ылдамдык» дисциплинасы боюнча индиялык спортчу Азиянын чемпиону аталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 710
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу