Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте турмушка чыккан эң сулуу айымдар тандалат

Turmush -  Бишкек шаарында 10-июлда үй-бүлөлүү айымдардын «Миссис Кыргызстан-2017» сынагы өтөт. Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдиргендей, жеңүүчүлөр турмушка чыккан айымдар арасында өтүүчү эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо алышат. Ошондой эле, катышуучулар демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышат.

Аталган сынакка 25 жаштан 50 жашка чейинки турмушка чыккан айымдар катышат.

2016-жылы «Миссис Кыргызстан» сынагында баш байгени 30 жаштагы Назгүл Жумаева жеңип алган. Ал 2 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1816
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×