Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео - АКШлык М.Митрион россиялык Ф.Емельяненкону 74 секундда жеңип алды

Turmush -  Кечээ, 25-июнда АКШнын Нью-Йорк шаарында эрежесиз эр таймаш боюнча Bellator 180 турнири өттү.

Анын алкагында россиялык Федор Емельяненко менен америкалык Мэтт Митрион беттешти.Таймаштын экинчи мүнөтүндө мушкерлери бири-бирине бирдей сокку узатып нокдаунга кулашты. Бирок Митрион биринчи тура калып, Емельяненкого катар-катары менен оор соккуларды берди. Жыйынтыгында таймаштын 74-секундунда калыс беттешти токтотту. Бул беттеш Федор Емельяненко үчүн Bellator алкагында алгачкы таймаш болду. Бул жолку жеңилүүсү 41 беттешиндеги бешинчи жеңилүүсү болуп калды.

Митрион болсо 17 беттеш өткөрүп, 12 таймашта жеңүүчү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1490
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×