Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Өлкө үчүн бул жакшы тандоо болмок, - А.Атамбаев президенттикке КСДПнын талапкери жөнүндө

Turmush -  Өлкө үчүн бул жакшы тандоо болмок, деп билдирди президент А.Атамбаев КСДП партиясынан президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков тууралуу суроого жооп берип жатып.

Президент бүгүн, 24-июнда Татарстандын Казань шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Мен Сооронбай Жээнбековду 1995-жылдан бери тааныйм. Мен анда аны менен чогуу парламентте депутат элем. Биз биринчи жылы эле 70 депутаттын 29у кирген «Реформа» фракциясын түздүк жана ал ошол кездеги президентке жаккан жок. Сооронбай Жээнбеков менин орун басарым болчу. Бул 20 жылда мен аны абдан абийирдүү, калыс адам катары билем», - деди президент.

«Ал адам абдан түз адам. Менин оюмча бул өлкө үчүн абдан жакшы тандоо болмок. КСДП, мен съездде ал колдоого ээ болот деп ишенебиз. Ал түз жүргөн, эч нерсеге булганбаган адам. Ал өлкөдө бүгүн болуп жаткан ачык коомду куруу жолун улантмак деп ойлойм», - деп кошумчалады Атамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9485
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
ilim1
21:35, 25 июня 2017
Коомчулук азыр президентибиз айткандай таза, абийирдуу талапкерге суусап турат. Бир адамды толук тушунуу учун 20 жыл жетишээрлик убакыт. Демек ажобуз айтып жатса Жээнбеков таза адам экени анык .
Нет аватара
spravedlivyi777
11:27, 25 июня 2017
Чын айтканда, бизге реформатор керек, чиновниктерди кубалап-иштете турган Президент керек. Атамбаев менин оюмча жумшак адам, азыркы учурда катуу башкааруучу-реформатор керек, бирок ошол эле кезде, мамлекет таза адамга муктаж. Сооронбай Жээнбеков Премьер катары жакшы иштеп жатат, азыркы саясатчылардын арасынан эн тазасы эле ошол окшойт. Ал эми реформалар боюнча шайлоо алдындагы программасы менен таанышыш керек.
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
×