Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте «Айтматов энциклопедиясы» жарыкка чыкты (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында 1,5 миң нуска менен «Айтматов энциклопедиясы» жарык көрдү. Анын бет ачары эртең, 7-июнда борбор калаада өтөт, деп билдирди Улуттук илимдер академиянын басма сөз кызматы.

11

Энциклопедия мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында УИАдагы Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. Аны академик Абдылдажан Акматалиев демилгелеп, даярдоо иштерине жетекчилик кылган. Энциклопедияны түзүүгө Тил жана адабият институтунун кызматкерлери, ошондой эле Бишкектин жогорку окуу жайларында эмгектенген, Айтматов таануу багытында илимий иш жазган окутуучу, илимпоздор катышты.

«Бул томдуктарды даярдоодо жана жарыкка чыгарууда жан дилибиз менен берилип иштедик. Биздин максат – Айтматов жөнүндөгү маалыматтарды окуу китеби, окуу куралы, хрестоматия, антология тибинде жалпы окурмандарга жеткиликтүү кылуу», - деди А.Акматалиев.

12

«Айтматов энциклопедиясында» Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, чыгармаларынын дүйнөлүк тилдерге которулуп, көптөгөн өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардын жана мектептердин окуу программасына кошулганы, театрда, кинодо, музыкада, сүрөт өнөрүндө чагылдырылышы жана анын чыгармачылыгын изилдөөгө байланыштуу маалыматтар камтылган. Ошондой эле, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу адабият таануу, тил, философиялык, педагогикалык, искусство таануу багытындагы айрым түшүнүктөр жана топонимдер да кирди.

Энциклопедияда Ч.Айтматовго арналган ырлар жөнүндө маалыматтар, анын чыгармачыл инсандар тууралуу айткандары жана Ч.Айтматов тууралуу замандаштарынын пикирлери да бар.

13

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×