Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Баткен

Баткендеги 1995-жылы төрөлгөн жигиттер көчөгө түнкү чырактарды орнотушту

Turmush -  Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы 1995-жылы төрөлгөн жигиттер Бектемир баатыр көчөсүнө түнкү чырактарды орнотушуп беришти.

Алардын айтымында, бул көчө менен улуулар мечитке баргандыктан караңгыда басууда ыңгайсыздыктар жаралып келген. Түнкү чырактар маркум классташтары Абдубакир уулу Азамат менен Убайдулла уулу Акжолдун жаркын элесине арналып жасалды.

«Жаштар мечитке кетүүчү жолду оңдоп, аталарыбызга эле эмес, жалпы жашоочуларга шарт түзүп, чырактарды орнотуп, сооп жумуш жасашты», - дешет жергиликтүүлөр.

Аталган жумуштарды жасоого 56 миң 780 сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5729
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×