Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Бишкекте ачык асман алдында биринчи концерт өттү (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында Токтогул Сатылгановдун эстелиги жанында ачык асман алдында биринчи концерт өттү.

Иш-чаранын планына ылайык, шаар тургундары үчүн үйлөмө оркестр жана эстрада ырчылары концерт тартуулашты. Концерттер эми июнь айынын алкагында ар бир жума күндөрү өтөт. Кечки концертти Свердлов райондук администрациясы уюштурган. Район акими Самарбек Болотовдун айтымында, мындай иш-чаралар аптанын аягында жакшы музыка угууга шарт түзүү максатында уюштурулууда.

«Жумуштан кийин ар бир жаран эс алгысы келет. Тургундарга шарт түзүп берүү максатында биз маданият башкармалыгына кайрылдык, алар колдоого алышты. Муниципалитеттин жардамы менен бул иштер аткарылып жатат. Жарандар жумуштан кийин келип, музыка угуп кете алышат», - деди С.Болотбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2212
Көп окулду
×