Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-суулук чебер энесинен калган тигүүчү машина менен киреше табат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын 55 жаштагы тургуну Нурия Маралбаева энесинен калган тигүүчү машинанын жардамы менен киреше табат. Аймактык кабарчы кол өнөрчүнүн эмгектери менен таанышып келди.

Чебер Н.Маралбаеванын жасаган буюмдарын бир гана айылдаштары эмес, коңшу айылдардан жана Каракол шаарынан бери келип алып кетишет. Кол өнөрчү жер төшөк, жаздыкча, көшөгө тигип, жууркан көктөйт.

«Көп жылдан бери ушул кийим тиккен машинам менен иштеп келем. Көзүм ооругандан бери кыздардын себин азыраак даярдап калдым. Бул үйгө 18 жашымда эле келгем. Жолдошум экөөбүздүн 3 эркек, бир кызыбыз бар, 8 неберелүү болдук. Кайнатамдан калган үйдө турабыз. Жолдошум жер айдайт, мал багат. Алган пенсиябыз эмнеге жетмек эле? Ошондуктан кол өнөрчүлүк менен иштеп баштадым. Базардан керектүү кездемелерди алып келем. Тигип, даярдап койгонумду эл алып кетишет. Оймолору менен жасалган жаздыкчанын бир даанасы 250 сом, 3 метрлик жер төшөктү 1000 сомго баалайм», - дейт кол өнөрчү.

Ал Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Энеси тикмечи, чебер болгон. Өзүнүн тигүүчү машинасын ага белек кылган. Апасы 85 жашында көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1003
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×