Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Беларуссиянын Кыргызстандагы элчиси болуп А.Страчко дайындалды

Turmush -  Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси болуп Андрей Страчко бекитилди. Бул тууралуу БЕЛТА басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко кол койду.

«Өлкөнүн негизги аракеттери кооперациялык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган. Өткөн жылдын июнь айында Кыргызстанда Беларуссия тракторлорун чыгаруу жолго коюлду. Азыркы тапта буудай комбайндарды чыгарган ишкана ачуу боюнча пландар бар. Ошондой эле, Кыргызстан менен биргеликте тоо-шахта иштерин жүргүзүүгө ылайыкталган жабдыктарды жасоочу ишкана куруу каралып жатат. 2017-жылдын январында Беларуссия Кыргызстанга болгон экспорттун көлөмүн 3 эсеге көбөйтө алды», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 841
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу